24-июнь: Кыргызстанда +35°Cге чейин ысып, өткүн өтөтЭсеп палатасы электрондук аудитке өтөтЧек араны демаркациялоонун алкагында эки айыл Кыргызстандын курамына кирдиБишкекте Көчмөндөр оюндарына карата көчөнү оңдоо үчүн 4 миң чарчы метр жер бошотулатБШК он райондогу жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту«Asman Airlines» Оштон Ысык-Көлгө үзгүлтүксүз каттамдарын кайра жандандырат
Ош базардан 511,5 миң сомдук тумактарды уурдап кеткен шектүү кармалды
17.05.2024 | 15:07
Бишкекте 511,5 миң сомго уурулук жасаган делип 38 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Ленин райондук милициядан билдиришти.
Белгилүү болгондой, 12-майга караган түнү саат 03:00 чамасында белгисиз жаран Ош базардагы контейнерге эшигин бузуп кирип, анын ичиндеги баасы 511,5 миң сом болгон 93 тумакты уурдап кеткен. Уурулук тууралуу билгенден кийин товардын ээси милицияга арыз жазган.
Аталган факт боюнча “уурулук” беренеси менен кылмыш иши козголгон.
Бул ишке шектүү катары 38 жаштагы М.А. аттуу жаран кармалды. Ал убактылуу кармоочу жайга камакка алынды.
Милиция билдиргендей, шектүүдөн 83 тумак табылып алынды.
Учурда иликтөө иштери уланууда.