Reporter.kg MBANK кеңсесинин ишин баалады: Операторлор кантип иштейт жана алдамчылардан кантип коргошот?Балдарга арналган суусундуктарга акциздик марка басуу милдеттендирилдиАк-Суу районунда жаңы машина-трактордук станция ишке кирдиЖакынкы Чыгыштагы кырдаалга байланыштуу Коопсуздук кеңеши өлкөдөгү коопсуздук маселеси боюнча жыйын өткөрдүКыргызстанда жарандарды социалдык камсыздандыруу үчүн каттоо системасы жөнөкөйлөтүлөтКамчыбек Ташиев ИИМде беш саат сурак берип чыкты
Эрмат Джумаев Талас облусунун башчысы болду
03.08.2024 | 10:32
Эрмат Джумаев президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды. Бул тууралуу президеннтин басма сөз кызматы билдирди.
“Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, Конституциянын 71-беренесинин негизинде Джумаев Эрмат Джумаевич президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды”, – деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле Садыр Жапаровдун тескемесине ылайык Эрмат Джумаев Талас шаарынын мэри кызматынан бошотулду.
Буга чейин облустун мурдагы жетекчиси Нурлан Дарданов өз милдеттерин жетишсиз аткаргандыгы үчүн кызматынан бошотулган.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар