Эрназар Акматалиев Дүйнө чемпионатында күмүш байге алды

06.10.2021 | 09:46

Эркин күрөш боюнча балбан Эрназар Акматалиев (70 кг) Норвегмянын Осло шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча Дүйнө чемпионатында күмүш байге алды.

Акматалиев финалдык беттеште ал польшалык Магомедмурад Гаджиевге 2:1 эсебинде жеңилип калды.

Ал килем үстүнө 4-октябрда чыгып, 70 кг салмакта чемпионаттын тандап алуу баскычынан баштаган. Анын алгачкы атаандашы шри-ланкалык Каруна Пели болуп, аны 10:0 эсебинде жеңген. Мелдештин 1/8 финалында Акматалиев армениялык Арман Андреасянды 11:2 эсебинде жеңип алган.

Андан кийинки чейрек финалда кыргыз балбаны ирандык Эрфан Элахи менен кармашып, акыркы мүнөттөрдө эки балбан тең бири-бирин артка чапканга жетишти. Калыстардын узак чечими менен жеңишти Акматалиев илип кеткен.

Ал эми финалда ал орусиялык Евгений Жербаев менен беттешип, 9:5 эсебинде алдыга чыккан.

 

 

Scroll to Top