КМШ жана ШКУнун аскер прокурорлору Казанда чек араларды коргоо боюнча билдирүү кабыл алышты«Мугалимге болгон урмат — өлкөнүн келечегине болгон урмат» — Садыр ЖапаровДастан Бекешев: Кыргызстанда Салык кодексине 113 түзөтүү даярдалууда — негизгилериОш шаарында 110 орундуу медициналык борбор ачылдыКыргызстандыктар Орусиянын президентинен грант ала алышат«Ала-Арча» жаратылыш паркында от жаккан жарандарга айып пул салынды
Тыныбекова экинчи жолу дүйнөлүк чемпион болду (ВИДЕО)
06.10.2021 | 09:33
Ал финалдык беттеште америкалык спортчу Кайла Коллин Кийоко Миракл менен килем үстүндө жолугушту. Биринчи бөлүктө атаандашынын аз аракетинен улам, бир упай кошту. Экинчи бөлүктө 7:0 эсеби менен жеңип, дүйнө чемпиондугун коргоп калды.
Айсулуу турнирдин 1/8 финалында, алгачкы атаандашы япониялык Ноноко Озакини 6:4 эсебинде, кийин чейрек финалда беларустук Вераника Иванованын далысын жерге тийгизип уткан. Ал эми жарым финалда украиналык Илона Прокопевнюкту 5:2 упай менен жеңип, финалга чыккан болчу.
Тыныбекова 2019-жылы Нур-Султанда өткөн дүйнө чемпиондугунда алтын медаль уткан. Токио Олимпиадасынын күмүш байгесинин ээси.
Рубрики: Жаңылыктар, Спорт