Эртең, 3-ноябрда Бишкектин айрым райондорунда ичүүчү таза суу берүү чектөөгө алынат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Маалыматка караганда, кыш мезгилине карата оңдоо иштерине байланыштуу, саат 9:00дөн 17:00 гө чейин Абдрахманов көчөсү 130, Тыныстанов көчөсү 60, 62, 64, Эркиндик бульвары 3, 5, 7, Түгөлбай-Ата көчөсү 69 даректериндеги турак үйлөрдө таза суу өчүрүлөт.
“Бишкексууканал” башкармалыгы ыңгайсыздык жараткандыгы үчүн шаар тургундарынан кечирим сурайт жана алдын ала таза суу камдап алууларын суранат.