Эртең Жалал-Абадда таза суу, электр жарыгы жана газ өчөт

Эртең Жалал-Абадда таза суу, электр жарыгы жана газ өчөт

Эртең, 29-апрелде Жалал-Абад шаарында оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу калаадагы бир катар көчөлөрдө, көп кабаттуу үйлөрдө саат 09:00дөн 18:00гө чейин электр жарыгы өчүрүлөт.

Алар: Жамашев, Абдукаимов, Энергетиков, Б.Осмонов, Крупская, Жеңи-Жок, Тоголок Молдо, Кыргыз Республикасы, Пахта, Дмитревка, Э.Осмонов, Жуманазаров, Ленин, Пушкин, Бакиев, Кошевой, Мельничный, Горький, Пролетарская, Некрасов, Коммунальная, Барпы Сейил, Кузнечный, Железнодорожный, Хамза, Дружба көчөлөрү.

Спутник жана Көк-Арт кичи шаарчаларынын бир катар көчөлөрүндө электр жарыгы өчүрүлгөнүнө байланыштуу саат 10:00дөн 18:00гө чейин суу берүү токтотулат.

Жаралган жагдайды түшүнүү менен кабыл алууга чакырабыз.

Ошондой эле саат 09:00дөн 17:00гө чейин Мукуми, Б.Осмонов, Тайгараев, Фурманов, Маяковский, Белинский, Кыргыз Республикасы, Тоголок Молдо, Кашкина, Икрамов, Куйбышев, Махмудов көчөлөрүндө, Пушкин көчөсүндөгү №148 көп кабаттуу үйдө оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу жаратылыш газын берүү токтотулат.

Мэрия жаралган ыңгайсыздыкты түшүнүү менен кабыл алууга чакырат.

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>