Бишкекте ата мекендик «Кунан Тайтору» унаасы тартууланат

Бишкекте ата мекендик «Кунан Тайтору» унаасы тартууланат

Эртең, 7-сентябрда Бишкекте коомчулукка ата мекендик «Кунан Тайтору» унаасы тартууланат.

Аталган унаа 6 жылдын ичинде чогултулган. Аны эксклюзивдүү унааларды чогултуп жүргөн Медер Койлубаев жасап чыккан.

Анын айтымында, «Кунан Тайтору» башка унааларындай эле коммерциялык максатта чогулган эмес. Ал жалгыз үлгүдө жасалган.

Азырынча унааны чогулткандар анын сүрөт-видеолорун коомчулукка чыгарбай турат. Алар «Кунан Тайтору» унаасынын прензентациясын эртең саат 17:00дө «Заман» ресторанында өткөрүшөт.

Эскерте кетсек, Медер Койлубаев буга чейин Lamborghini Sesto Elemento жана «Тулпар Карагер» унааларын чогулткан.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>