Жергиликтүү бийликтерге митингдер өтө турган жерди аныктоо укугун берүү сунушталуудаРоссиялык «Вкусно — и точка» тармагы 2026-жылы Кыргызстанда алгачкы ресторандарын ачатДэн Сяопин проспектисинин дагы бир түштүк тилкеси оңдоого жабылатУлуттук банк: «Оптима Банк» аркылуу эң көп алдамчылык операциялары жасалганМына алар, солдон оңго карай: Маданият министри кыргыз рэперлери менен жолугуштуАкысыз медициналык кызмат көрсөтөт: Араванда мобилдик мульти-диагностикалык комплекс ишин баштады
Эртең Бишкектин айрым жерлеринде суу 8 саатка өчүрүлөт
08.08.2023 | 23:29
Эртең, 9-августта Бишкектин айрым жерлеринде суу жок болот. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Маалыматка караганда, Жайыл Баатыр көчөсү – Садырбаев көчөсү – Абдрахманов көчөсү – Шералиев көчөсү менен чектешкен аймакта саат 10:00дөн кечки 18:00гө чейин суу өчөт.
Өчүрүү оңдоо-профилактикалык иштердин жүргүзүлүшүнө, диаметри 200 мм болгон сууну айландырып өтүүчү туташтыргыч орнотууга жана диаметри 100 мм болгон бурама тээк алмаштырууга байланыштуу буга байланыштуу муздак суу берүү убактылуу токтотулат.
“Бишкексууканал” өндүрүштүк-эксплуатациялык башкармалыгы жаратылган ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана калкты, уюмдарды ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну суранат.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом