«Bulgari» зергер үйүнүн чеберлери 50 кыргызстандыкты зер буюмдарынын дизайнына окутатЧуңкурчакта жапайы түлкүгө ок атышкан. Милиция 4 эркек кишини аныктадыСаламаттык сактоо министрлиги жана ДСУ Кыргызстандын алыскы аймактарында санариптик медицинаны кеңейтүүнү макулдашты«Кыргызнефтегаздагы» коррупция: Шайырбек Ташиев 16-майга чейин тергөө абагына киргизилди3-апрелге карата аба ырайыЕЭК жана ГЛОНАСС эл аралык жүк ташуулар үчүн санариптик сервистерди өнүктүрүүнү макулдашты
Эртең Бишкектин бир бөлүгүндө 6 саатка ичүүчү суу өчүрүлөт
23.08.2023 | 23:26
Эртең, 24-августта Бишкек шаарынын айрым бөлүктөрүндө таза суу өчүрүлөт. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, ичүүчү суу саат 10:00 -16:00 чейин курулуп жаткан резиденциянын түштүк тарабынан Эркин-Тоо, Абдрахманов, Восточная көчөлөрүндө, анын ичинде мектеп, бала бакча, саламаттык сактоо, өндүрүш мекемелеринде токтотулат.
Сууну өчүрүү иштери шаардык суу тармактарындагы профилактикалык жана оңдоо иштерине байланыштуу жүрүүдө.
“Бишкексууканал” башкармалыгы жашоочулар менен мекемелерге алдын ала суу камдап алууну эскертет.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар