КРда медициналык буюмдарды каттоо 10 күнгө чейин тездейтӨКМ эскертет: 23–25-октябрь күндөрү айрым аймактарда үшүк жүрөтБишкекте өспүрүм эки жол кырсыгына себепкер болду, жабыркагандар бар — видеоКаракол шаарынын кире беришиндеги жол оңдолот«Манас» социалдык айылында майып жарандар үчүн жаңы турак жай ачылдыБишкекте 22–23-октябрда айрым райондордо газ берүү убактылуу токтотулат
Дүйнө кубогу: Кыргызстандык самбочулар дагы 6 байге утту
24.08.2023 | 09:00
Кечээ, 23-августта Чолпон-Ата шаарында өткөн самбо боюнча дүйнө кубогунун экинчи күнүндө кыргызстандык спортчулар 6 медаль утту. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.
Мелдештин жыйынтыктоочу күнүндө эркектер күжүрмөн самбо, кыз-келиндер спорттук самбо боюнча таймашып, кыргызстандык спортчулар 2 күмүш, 4 коло уткан.
Саяк Бараканов менен Бектен Эркебай уулу күмүш медалдын ээси болгон.
Бекболсун Керимбеков, Курманбек Замирбек уулу, Акак Үсөн кызы жана Динара Камчыбекова коло медалга татыган.
Эскерте кетсек, дүйнө кубогунун биринчи күнүндө кыргызстандык самбочулар 7 байге ( 1 алтын, 1 күмүш, 5 коло) утушкан.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз