ӨКМ эскертет: 23–25-октябрь күндөрү айрым аймактарда үшүк жүрөтБишкекте өспүрүм эки жол кырсыгына себепкер болду, жабыркагандар бар — видеоКаракол шаарынын кире беришиндеги жол оңдолот«Манас» социалдык айылында майып жарандар үчүн жаңы турак жай ачылдыБишкекте 22–23-октябрда айрым райондордо газ берүү убактылуу токтотулатБатумиде Борбор Азия жана Грузиянын кызматташтыгын өнүктүрүү маселелери каралат
Эртең Бишкектин бир бөлүгүндө 6 саатка ичүүчү суу өчүрүлөт
23.08.2023 | 23:26
Эртең, 24-августта Бишкек шаарынын айрым бөлүктөрүндө таза суу өчүрүлөт. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, ичүүчү суу саат 10:00 -16:00 чейин курулуп жаткан резиденциянын түштүк тарабынан Эркин-Тоо, Абдрахманов, Восточная көчөлөрүндө, анын ичинде мектеп, бала бакча, саламаттык сактоо, өндүрүш мекемелеринде токтотулат.
Сууну өчүрүү иштери шаардык суу тармактарындагы профилактикалык жана оңдоо иштерине байланыштуу жүрүүдө.
“Бишкексууканал” башкармалыгы жашоочулар менен мекемелерге алдын ала суу камдап алууну эскертет.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар