БШК Нурланбек Азыгалиевди депутаттык мандатынан ажыраттыЧүй проспектиси менен Абдрахманов көчөсүнүн кесилишиндеги жер үстүндөгү конструкция жакынкы арада бузулатСадыр Жапаров кыргызстандыктарды Аталар күнү менен куттуктадыЖК депутаты Нурланбек Азыгалиев мандатын тапшырууга арыз жаздыКыргызстанда англис тили мугалимдерин даярдоо реформасы британиялык эксперттердин колдоосуна ээ болдуЖакынкы Чыгыштан 142 жаран Кыргызстанга эвакуацияланды
Эртең Бишкектин бир бөлүгүндө таза суу өчүрүлөт (карта)
07.04.2025 | 09:26
8-апрелде суу түтүктөрүн оңдоо иштерине байланыштуу Бишкек шаарынын бир бөлүгүндө ичүүчү суу убактылуу токтотулат. Бул тууралуу шаар мэриясы кабарлады.
Суу төмөнкү көчөлөр менен кездешкен аймакта өчүрүлөт:
- Ала-Арча суусу – темир жол – Жибек-Жолу пр. – Ж. Гвардия бульвары;
- Ж. Гвардия бульвары – темир жол – Фрунзе көчөсү – Манас проспектиси;
- Д. Сяопин проспектиси – Ала-Арча суусу – Бөкөнбаев – Кулиев – Москва – Фучик – Казаков көчөлөрү;
«Бишкексууканал» ишканасы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурап, тургундарга ичүүчү сууну эртелеп камдап алышын эскертет.

Рубрики: Жаңылыктар, Коом