Өлкөдө күн ачык болот: 19-октябрга карата аба ырайыКыргызстанда курулуш тармагына насыя берүү 3,5 эсеге өстүКеректөө насыялары банктардын сегиз айдагы насыяларынын 45%ын түздүБишкекте мамкызматкерлерди медициналык текшерүүдөн өткөрүү боюнча пилоттук долбоор башталдыКыргызстандын банктары сегиз айда 381 млрд сомдук насыя бериштиУлуттук филармонияда «Сүймөнкул» мюзикли кайрадан коюлат
Автоээнбаштык жасап, баланы сүзүп кете жаздаган айдоочу кармалды
06.04.2025 | 16:17
Автоээнбаштык жасап, адам өмүрүнө коркунуч жараткан айдоочу кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын ЖКККБнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 4-апрелде Ысык-Ата районун Новопокровка айылынын ичинен Шевченко-Фрунзе көчөлөрүнүн кесилишинен 2004-жылы туулган О.А.М., аттуу айдоочу “КИА К5” үлгүсүндөгү унаасы менен катуу ылдамдыкта айдап, адам өмүрүнө коркунуч жараткан видео тасма тараган.
Бул факты боюнча Ысык-Ата районун ЖКК бөлүмчөсүнүн издөө тобунун кызматкерлери тарабынан айдоочусу аныкталып, автоээнбаштык жасагандыгы жана төлөбөй жүргөн 33 500 сом айып пулу үчүн жалпысынан 38 500 сом айып салынып, унаасы айып короо жайына токтотулду.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар