Бишкекте мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн бала бакчанын курулушу башталдыБорбор калаанын базарларында жана дүкөндөрүндө жумуртканын баасы орточо эсеп менен бир даанасына үч сомго чейин арзандадыКыргызстанда 430 миңге жакын адам вирустук гепатит менен жашайтДүйнө глобалдык экономикалык кризистин босогосунда турат жана Кыргызстандын ШКУдагы ролу азыр өтө маанилүү — экспертИИМ Тай-Мурас Ташиевге карата кылмыш ишин козгодуОштогу бүтпөй калган курулуш объектилерин Курулуш министрлиги аягына чыгарат
Эртең Жибек Жолу проспектисинин оңдолгон бөлүгү ачылат
06.05.2025 | 16:50
7-майда Бишкекте оңдоп-түзөө иштеринен кийин Жибек Жолу проспектисинин бир бөлүгү ачылат. Бул тууралуу шаардык мэрия кабарлады.
Маалыматка ылайык, аталган проспектинин Курманжан датка көчөсүнөн Лермонтов көчөсүнө чейинки түштүк тарабы унаа кыймылы үчүн ачылат.
Ошондой эле жогоруда аталган тилкенин түндүк тарабы оңдоого жабылат. Мындан улам жолдун түштүк тарабында эки тараптуу кыймыл уюштурулат.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом