Эмне үчүн альпинист Наговицынанын сөөгү дагы деле Жеңиш чокусунда — ӨКМдин жообуКОСУнун студенттери Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын уюштурууга катышатКыргызстанда «Мал аман» мамлекеттик ишканасы түзүлүп, жеке ветеринарлар ишке алынатМанас шаарында жаңы автобекет ишке кирдиБишкекте көчөдөгү жаңжалдын катышуучулары майда бейбаштык үчүн жоопко тартылдыЖапон окумуштуулары Ак-Бешим шаар чалдыбарында археологиялык изилдөөлөрдү жүргүзүшөт
Бүгүн Бишкектин айрым көчөлөрү жабылат. Коргоо министрлиги парадка техника алып келе жатат
06.05.2025 | 17:48
Бүгүн, 6-майда Бишкекте кечки саат 20:00дөн тарта айрым көчөлөр убактылуу жабылат. Бул тууралуу Коргоо министрлиги билдирди.
Коргоо министрлиги Жеңиш күнүнө карата өтө турган парадка Токмок шаарынан аскердик жана атайын техникаларды ташып келе жатат. Буга байланыштуу төмөнкү көчөлөр жабылат:
- Жибек Жолунун Төмөнкү Нооруз айылынан Шопоков көчөсүнө чейинки бөлүгү;
- Шопоков жана Ибраимов көчөлөрүнүн Чүй проспектисинен Фрунзе көчөсүнө чейинки кесилиштери.
Параддан кийин техника Чүй жана Дэн Сяопин проспектилери аркылуу өтүп, андан соң Лумумба көчөсү менен борбор калаанын түндүк жагына жөнөйт.
Эске салсак, парад 8-майда Ала-Тоо аянтында өтөт. Ага 3 миңдей адам жана 120дан ашуун аскердик жана атайын техника катышат.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом