Asman Airlines биринчи масштабдуу Open Day иш-чарасын өткөрдү: 100 орунга 2500 арыз түштүКаржы министрлиги ата-энелерден 2,5 млрд сом чогултулганы тууралуу маалыматты четке кактыФутбол: Бишкекте Кыргызстан менен Ливандын курама командаларынын беттеши өтөтТЭН жана инвесторлор болсо, метро курууга даярбыз — Бишкек шаарынын мэриАгартуу министрлиги Бишкекте кайсы бала бакчаларда бош орундар бар экенин маалымдадыИИМ: Кара-Суу шаардык кеңешинин төрагасы коррупцияга шектелип кармалды
Эртең Жибек Жолу проспектисинин оңдолгон бөлүгү ачылат
06.05.2025 | 16:50
7-майда Бишкекте оңдоп-түзөө иштеринен кийин Жибек Жолу проспектисинин бир бөлүгү ачылат. Бул тууралуу шаардык мэрия кабарлады.
Маалыматка ылайык, аталган проспектинин Курманжан датка көчөсүнөн Лермонтов көчөсүнө чейинки түштүк тарабы унаа кыймылы үчүн ачылат.
Ошондой эле жогоруда аталган тилкенин түндүк тарабы оңдоого жабылат. Мындан улам жолдун түштүк тарабында эки тараптуу кыймыл уюштурулат.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом