Кыргызстан Сауд Арабиясынан жарандарды кайтаруу үчүн Жидда – Ош каттамын жандантатПрезидент Кыргызстандын Катардагы элчисин дайындадыЖогорку Кеңеште антикинолорду жабуу сунушталдыКыргызстандыктар БАЭден Оман аркылуу эвакуацияланат — Садыр ЖапаровБишкекте Ирандын элчилигинин алдында тилектештик акциясы өтүүдөБишкекте мурдагы «Чатыр-Көл» кинотеатрынын ордуна маданий борбордун курулушу башталды
Эртеңден баштап Бишкекте электробустар каттайт
24.09.2025 | 16:12

Эртең, 25-сентябрдан тартып Бишкек шаарында жаңы келген электробустар каттамга чыгат. Бул тууралуу шаардык мэрия кабарлады.
Маалыматта белгиленгендей, алгачкы этапта №4, №10 жана №11 маршруттарга чыгат.
Кийинки аптада №14, №66 жана №33 каттамдарга да электробустар коюлушу күтүлүүдө. Алардын ичинен №66 жана №33 – жаңыдан киргизилген багыттар. Ал эми №11 каттам мурдагы троллейбустун кыймыл схемасынын негизинде жаңыланып, эми заманбап электробустар менен тейленет.
Белгилей кетсек, 2025-жылдын башында Кытайдан 120 жаңы электробус алынып келинген. Ошондой эле мурдагы Троллейбус башкармалыгынын ордуна ДЕПО-1 жана ДЕПО-2 реконструкцияланып, толугу менен электробустарды тейлөөгө ыңгайлаштырылган.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом