Эсеп 11:0. Билимбек кызы дүйнө чемпионатында коло тагынды (видео)

18.08.2023 | 10:14

Кыргызстандык спортчу Калмира Билимбек кызы (59 кг) Иорданияда өтүп жаткан 20 жашка чейинки (U20) балбандар арасындагы дүйнө чемпионатында коло байге тагынды.

Калмира Билимбек кызы килем үстүнө 16-августта чыгып, таймашты квалификациялык айлампадан баштаган. Биринчи кармашында ал өзбекстандык спортчуну 11:1 эсебинде жеңди. Андан кийин 1/8 финалда казакстандык балбан кызды 8:1 эсебинде утуп келе жатып, далысын килемге басып, таза жеңишке жетти.

Чейрек финалда ал япониялык атаандашын 10:0 эсебинде утту.

Бирок жарым финалдык беттеште Калмира Билимбек кызы бейтарап туунун алдында чыгып жаткан Алеся Гетмановага 4:6 эсебинде жеңилип, коло байге үчүн күрөшө турган болду.

Үчүнчү орун үчүн кармаш 17-августта өттү.

Коло үчүн беттеште Калмира Билимбек кызы түркиялык Севим Акбаш менен күч сынашып, аны 11:0 эсебинде утуп алды.

Scroll to Top