Ысык-Көлдөгү мушташ: Сабагандар менен сабалган жаран камакка алынды

Ысык-Көлдөгү мушташ: Сабагандар менен сабалган жаран камакка алынды

16-август күнү Ысык-Көлдүн Кош-Көл айылындагы көл жээкте болгон скутерди ижарага бергендер менен эс алуучулардын ортосундагы мушташка байланыштуу «бейбаштык» беренеси боюнча кылмыш иштери козголду. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Белгилүү болгондой, 16-августта соцтармактарга Ысык-Көлдө скутерди ижара берген балдар эки адамды сабап жатканы тартылган видео тараган. Окуя Кош-Көл айылындагы көл жээкте болгон.

Окуядан кийин милиция мушташка катышкан адамдардын өздүгүн аныктаган. Алар скутерди ижарага бергендер — 18 жаштагы Бишкек шаарынын тургуну А.Ж., Кош-Көл айылынын тургундары С. А. жана Б. Э., ошондой эле, Алматы шаарында жашаган Кыргызстандын жарандары — 55 жаштагы С. Д. жана анын уулу 27 жаштагы С. Э. экени белгилүү болгон.

Окуянын катышуучулары тергөө кызматына жеткирилип, көрсөтмөлөрү алынган. Эки тарап тең милицияга арыз жазып, алар боюнча кылмыш иштери ачылган.

«Окуяга катышкандардын жана күбөлөрдүн берген көрсөтмөлөрү, ошондой эле видеокөзөмөлдөө камераларынан жана күбөлөр тараптан тартылган видеотасмалар толук иликтенип, тергөө кызматы окуя скутерди айдоо убактысы боюнча талаш-тартыштан улам болгонун аныктады. Оозеки пикир келишпестиктин натыйжасында 27 жаштагы эс алуучу С.Э. скутерди ижарага берген 18 жаштагы С.А.ны биринчи уруп жибергенден кийин скутерди ижара бергендер эс алып жаткан атасы менен баласын сабашкан», — деп билдиришти милициядан.

Козголгон кылмыш иштеринин алкагында 18 жаштагы А.Ж. жана С.А., ошондой эле Алматы шаарында жашоочусу, Кыргызстандын жараны 27 жаштагы С.Э. 48 саатка убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.

Алардын бөгөт чарасын сот карайт.

Ысык-Көлдөгү эки эс алуучунун сабалышы: Сабалгандар ата-уул болгон

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>