«Old Bishkek» долбоорунун жаңы өтмөгүндө шыптан суу түшүүдө: сууну чакаларга чогултуп жатышатБишкек–Нарын–Торугарт унаа жолуна кар көчкү түшүп, жол жабылдыИИМ жол эрежесин бузгандардын билимин текшерүү боюнча мыйзам долбоорун кайра чакыртып алдыБишкекте алгачкы жолу пион гүлүнүн дүйнөлүк конференциясы болуп өттү«Asman Airlines» ишканасына эки Airbus A321 учагы сатып алынатДастан Бекешев: Мектептер рейтинг үчүн окуучуларды ЖРТга жибербей жатканы – бул мыйзамсыз
Эсептөө палатасынын инспектору 200 миң сом пара алып жатканда кармалды
15.04.2025 | 16:16
УКМК Эсептөө палатасынын инспектору А.Э.А. 200 миң сом алып жаткан жеринен кармалганын билдирди.
Маалыматта айтылгандай, А.Э.А. республикалык бюджеттен Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы мектептерге бөлүнгөн акчалардын сарпталышы боюнча аудитордук текшерүү жүргүзгөн.
Ал текшерүү учурунда аныкталган кемчиликтерди жашыруу үчүн жана оң аудитордук корутунду чыгарып берүү үчүн аталган райондун билим берүү тармагынын кызматкерлеринен 200 миң сом өлчөмүндө акча талап кылган.
Ыкчам иликтөөнүн жүрүшүндө 11-апрелде А.Э.А. жогорудагы акчаны алып жаткан жеринен кармалган.
12-апрелде сот аны Бишкектеги №1 тергөө абагына 10-июнга чейин камакка алуу чечимин чыгарган.
Рубрики: Жаңылыктар