Кыргызстан менен орусиялык компания өлкөдө өстүрүлгөн балыкты экспорттоону пландаштыруудаТаш-Көмүр – Кербен жолундагы сел алып кеткен көпүрө калыбына келтирилүүдөНоокенде селден жабыркаган турак жай ээлерине камсыздандыруу төлөмдөрү берилдиToonDook Festival: дүйнөлүк анимациянын белгилүү өкүлдөрү Бишкекке келишет«Кең-Сай» өткөрмө пунктунда маркаланбаган 19,6 тонна күрүч жана куркума Пакистанга кайтарылдыПрезидент бир катар ишмерлерге мамлекеттик сыйлыктарды жана ардак наамдарды ыйгарды
Эсептөө палатасынын инспектору 200 миң сом пара алып жатканда кармалды
15.04.2025 | 16:16
УКМК Эсептөө палатасынын инспектору А.Э.А. 200 миң сом алып жаткан жеринен кармалганын билдирди.
Маалыматта айтылгандай, А.Э.А. республикалык бюджеттен Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы мектептерге бөлүнгөн акчалардын сарпталышы боюнча аудитордук текшерүү жүргүзгөн.
Ал текшерүү учурунда аныкталган кемчиликтерди жашыруу үчүн жана оң аудитордук корутунду чыгарып берүү үчүн аталган райондун билим берүү тармагынын кызматкерлеринен 200 миң сом өлчөмүндө акча талап кылган.
Ыкчам иликтөөнүн жүрүшүндө 11-апрелде А.Э.А. жогорудагы акчаны алып жаткан жеринен кармалган.
12-апрелде сот аны Бишкектеги №1 тергөө абагына 10-июнга чейин камакка алуу чечимин чыгарган.
Рубрики: Жаңылыктар