Бишкектин айрым райондорунда 28-августта суу өчүрүлөтКитеп сатып албагыла! Жаңы окуу китептери мектептерге таратылатСентябрдан тарта Каракол – Алматы багытында автобустар каттай баштайтАльпинизм. Чокудагы биз билбеген кызыктар“Кыргызфильм” киностудиясына жаңы жетекчи дайындалдыМинистрлер кабинети күз-кыш мезгилине даярдыкты октябрга чейин бүтүрүүнү тапшырды
Евробиримдик Кыргызстандын мектептерине китеп сатып алууга 7 миллион евро бөлдү
09.10.2023 | 15:08
Евробиримдик Кыргызстандын билим берүү тармагына гранттык негизде 7 миллион евро (665 миллион сом) которду. Бул тууралуу Финансы министрлиги билдирди.
Маалыматка караганда, Европа биримдиги 2023-2026-жылдар аралыгында Кыргызстандын билим берүүнү өнүктүрүү стратегиясын ишке ашыруу үчүн 27 миллион евро бөлөт.
Ал акча билим берүүнүн сапатын жана окуучуларды баалоо системасын жакшыртуу, гендердик теңчиликти жана көп тилдүү билим берүүнү илгерилетүү, мамлекеттик каржыны башкарууну жакшыртуу боюнча чараларды көрүүгө көмөк көрсөтөт.
Финансы министрлиги 7 миллион еврону окуу китептерин сатып алууга жана мектептерди интернет менен камсыздоого жумшамакчы.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом