Европарламент Кыргызстан менен кызматташтык тууралуу келишимди сентябрда карай тургандыгы айтылды

31.07.2025 | 14:47

Европарламент Евробиримдик (ЕБ) менен Кыргызстан ортосундагы кеңейтилген өнөктөштүк жана кызматташтык тууралуу келишимди сентябрда карайт. Бул тууралуу “Известие” басылмасы Европарламенттин депутаты Томаш Здеховскиге шилтеме берип маалымдады.

«Евробиримдик менен Кыргызстан ортосундагы кеңейтилген өнөктөштүк жана кызматташтык келишими сентябрда өтө турган жалпы жыйында каралат деп күтүлүүдө. Европарламенттин тышкы иштер комитети бул келишимди жактыруу боюнча резолюцияны кабыл алды. Менин оюмча, эгер Кыргызстан демократиялык принциптерге жана мыйзам үстөмдүгүнө берилгендигин улантса, анда ратификация болору ыктымал», — деп билдирген Томаш Здеховски аталган басылмага.

Белгилей кетсек, келишим төмөнкү тармактар боюнча өнөктөштүктү өнүктүрүүгө багытталган:

  • соода жана инвестициялар;
  • туруктуу өнүгүү жана байланыштар;
  • илим жана инновациялар;
  • билим берүү;
  • айлана-чөйрө жана климаттын өзгөрүшү;
  • мыйзам үстөмдүгү, адам укуктары жана жарандык коом.

Ошондой эле келишим тышкы саясат жана коопсуздук жаатындагы кызматташууну да карайт.

Scroll to Top