Финансы мин: Каражат бөлүштүрүүдө Саламаттык сактоо министрлиги артыкчылыкка ээ болот

Финансы мин: Каражат бөлүштүрүүдө Саламаттык сактоо министрлиги артыкчылыкка ээ болот

Каражат бөлүштүрүүдө Саламаттык сактоо министрлиги жана Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду артыкчылыкка ээ болушат. Өткөн жумада жардам катары келген тышкы каражаттар иштетиле баштады. Мындай маалыматты 6-июлда финансы министри Бактыгүл Жээнбаева Өкмөт үйүндө өткөн брифингде билдирген.

Министр тышкы каражаттан сырткары, республикалык бюджеттен дагы каражат бөлүнүп жатканын белгиледи.

Өткөн жумада Финансы министрлигинин жалпы төлөмдөрү 604,7 млн сомду түздү: Саламаттык сактоо министрлигине – 110,8 млн сом, анын ичинде 17,8 млн сом – очоктордо иштеген саламаттык сактоо мекемелеринин медкызматкерлерине компенсациялык төлөмдөр жана ПЦР-анализге керектелүүчү каражаттарды алууга 93 млн сом бөлүнгөн.

Кычкылтек концентраторун алууга – 50 млн сом;

ММКФ очоктордо иштеген саламаттык сактоо мекемелеринин кызматкерлерине компенсациялык төлөмдөр – 91,7 млн сом;

Жеке коргонуу каражаттарын алууга – 300 млн сом;

Обсервацияда иштеп жаткан ӨКМ кызматкерлерине – 32, 7 млн сом;

Мигранттар менен иш алып барууга ТИМге – 15 млн сом; 

Обсервацияда шарттардык уюштуруу үчүн ӨКМге- 52,9 млн сом.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>