Алмаз Бакетаев каржы министри кызматынан кетип, Улуттук банктын төрагасы болуп шайландыӨкмөт ата мекендик зергерлер үчүн баалуу металлдарды сатуу тартибин бекиттиМандатын тапшыргандардын ордуна Жогорку Кеңешке жаңы депутаттар келдиЖогорку Кеңештин депутаттарынын трибунадан сүйлөөсү чектелетЭрулан Кокулов Кыргызстанда «журналисттик мафия» иштеп жатканын билдирдиУКМК Нипах вирусунун жайылышынын фонунда чет элдиктерге жасалма медициналык маалымкаттарды берүү схемасын ашкереледи
Финансы министрлигинин кызматкери алдамчылыкка шектелүүдө
03.03.2023 | 13:34
Финансы министрлигинин Баалуу металдар департаментинин директорунун Ж.М. аттуу орун басары алдамчылыкка шектелүүдө. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.
Маалыматка караганда, Ж.М. жооптуу кызматты ээлегенине таянып, М.С. аттуу жарандын ишенимине кирип, аны мамлекеттик органдарга ишке орноштурууга убада берип, алдамчылык жолу менен 700 долларды ээлеп алганы аныкталган.
Бул фактыга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) боюнча кылмыш иши козголуп, учурда тергөө иштери жүрүп жатат.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз