Жаштардын билимине 200 миң сомго чейин колдоо көрсөтүлөт, — депутат

Жаштардын билимине 200 миң сомго чейин колдоо көрсөтүлөт, — депутат

Улан-кыздарыбыздын билимине 50 миңден 200 миң сомго чейин каржылык колдоо көрсөтүлөт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты, “Ынтымак” фракциясынын лидери Марлен Маматалиев бүгүн, 3-мартта Биринчи радионун “Эл өкүлү” долбооруна катышып жатканда билдирди.

Парламент ишмердүүлүгү, андагы партиялык система менен бир мандаттуу шайлоо округунан келген депутаттардын фракциялардагы биримдиги тууралуу өз көз карашын ортого салган депутат М.Маматалиев, “Бул багытка баам салган жумушчу топ эл өкүлдөрүнүн партиялык шартта иш алып барганы натыйжалуу болоорун белгилеп жатат. Буга жумушчу топтогулардын 70%ы ынанды”, — деп билдирди.

Ошондой эле, ал үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргоо багытындагы мыйзамдарды күчтөндүрүп жатканын айтты.

“Бачабаздарга жазаны катаалдаштырууга басым жасалууда. Андан тышкары, 5 миңден 10 миңге чейинки жумуш орундарын түзүү максаттары күн тартибинде турат. Жаш кадрларды даярдоодо жогорку билим алам деген улан-кыздарыбызга 50 миңден 200 миң сомго чейинки каржылык колдоолор көрсөтүлөт. Бул негизде натыйжалуу иштер жүрүп жатат”, — деп кошумчалады депутат.

Ошондой эле Марлен Маматалиев айдоочулуктагы айып пулдар, КК аппараттар, салык төлөмдөрү боюнча суроолорго жооп берди.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>