Кыргызстандын бийлиги кремацияга 2040-жылга чейин тыюу салууну сунуштоодоЧолпон-Атада айланма жолдун курулушу башталдыТоктогул районунда жаңы мал союучу жай пайдаланууга берилдиАдылбек Касымалиев Шымкентте Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин тар жыйынына катыштыСокулукта 9 жаштагы Нурислам дайынсыз жоголууда27-мартка карата аба ырайы
Финпол Бишкектин капиталдык курулуш башкармалыгынын мурдагы жетекчисин кармады
06.11.2020 | 13:47
Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш мамлекеттик кызматы Бишкек шаарынын мэриясынын Коомдук-мамлекеттик капиталдык курулуш башкармалыгынын мурдагы жетекчисин О.С. кармады. Бул тууралуу аталган кызматтын коомчулук менен байланыш бөлүмү билдирди.
Аны менен кошо мэриянын башка жооптуу кызматкерлери да бала бакчаны курууда кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деп айыпталууда.
«Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» мыйзамды бузуу менен иш алып барган. Анын жыйынтыгында 70 млн сомго бала бакча куруу үчүн атайылап пайдасыз келишимдерди түзгөндүгү аныкталган. Бүгүн, 6-ноябрда анын баш коргоо чарасы аныкталат.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар