Финпол опера жана балет театрынын мурдагы жетекчисин кармады

Финпол опера жана балет театрынын мурдагы жетекчисин кармады

Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын мурдагы жетекчиси Болот Осмонов «кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган» деген шек менен кармалды.

Бул тууралуу 19-ноябрда Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат (Финансы полициясы) кабарлады.

Мекеменин басма сөз катчысы Анастасия Пискурдун айтымында, ал мамлекетке 1 миллион сомдон ашуун зыян келтирген деп айыпталууда.

«Бул мекеменин мурдагы директору кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, мамлекеттин жана маданият менен искусствонун кызыкчылыгына каршы келген келишим түзүп, мамлекеттик бюджетке өзгөчө чоң өлчөмдөгү – 1 миллион сомдон ашуун зыян келтиргени аныкталды», — деди ал.

Болот Осмонов театрды 2015-2919-жылдары жетектеген.

Бүгүн анын бөгөт чарасы Биринчи май райондук сотунда каралат. 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>