Финполиция: Мөөнөтү өткөн таттууларды кайра сатыкка чыгарып пайда көргөндөр аныкталды  

Финполиция: Мөөнөтү өткөн таттууларды кайра сатыкка чыгарып пайда көргөндөр аныкталды   

Мөөнөтү өткөн таттууларды кайра сатыкка чыгарып, пайда көргөндөр аныкталды. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынан билдиришти. 

Маалыматка караганда, Финансы полициясына сапатсыз жана мөөнөтү өтүп кеткен продукция сатылып жатканын айтып,  адамдар кайрылган. Буга байланыштуу  иликтөө иш-чаралары жүргүзүлгөн. Анын алкагында Бишкек шаарындагы Садыгалиев көчөсүндө кампалардын биринен “ТТТ Компани” ЖЧКсына тиешелүү  мөөнөтү өтүп кеткен ири көлөмдө кондитердик азыктар (конфеттер, печенье жана ар кандай таттуулар) табылган.  

Ушул эле кампада аталган ЖЧКнын кызматкерлери таттуулардын жарактуулук мөөнөтүн жана чыгарылган күнүн өзгөртүп жазып, өчүрүп келишкени аныкталган.

Мындан тышкары, чыгарылган күнү, продукциянын курамы жазылган кагаздарды басып чыгарган жана таңгактарда чыгарылган күндү өзгөрткөн аппараттар табылган.

Мөөнөтү бүткөн продукциялар менен аныкталган кампага мөөр басылган.

[su_image_carousel source=»media: 53017,53018,53019,53020″ crop=»none» autoplay=»4″]

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>