Футбол беттешинде чөнтөк ууруну кармаган милиционерлер сыйланды

Футбол беттешинде чөнтөк ууруну кармаган милиционерлер сыйланды

Бишкекте футбол боюнча мелдеш учурунда чөнтөк уурулугун алдын алган милиция кызматкерлерине сыйлыктар тапшырылды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 2022-жылдын 8-июнунда Бишкек шаарындагы Д.Өмүрзаков стадионунда Кыргызстандын,  Сингапур, Мьянма жана Тажикстандын улуттук курама командаларынын Азия оюндарын өткөрүү убагында коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун камсыздоого бөлүнүп берилген ИИМдин Күзөт кызматынын Ленин райондук күзөт бөлүмүнүн кызматкерлери уурулуктун алдын алышкан.

Милиция кызматкерлери жашы болжол менен 16-17 жаштагы өспүрүм, жабырлануучунун алаксып жатканын пайдаланып, уюлдук телефонун жашыруун уурдаганын байкап калышкан. Андан соң, бейтааныш бала кетип бара жаткан учурда дароо артынан жетип барышып, жеке буюмдарын текшергенде капчыгынан жабырлануучунун уюлдук телефону табылган.

Жогорудагыларды эске алуу менен ички иштер министри Улан Ниязбековдун буйругу менен ИИМдин Күзөт кызматынын Ленин райондук күзөт бөлүмүнүн милиционерлери милициянын старшинасы Эльдияр Асыкеев менен милициянын улук сержанты Талантбек Мырзабеков ИИМдин Ардак грамотасы менен сыйланышты.

Сыйлыктарын тапшыруу учурунда ички иштер министринин биринчи орун басары Адылбек Бийбосунов өздөрүнүн кызматтык милдеттерине карата жоопкерчиликтүү мамиле кылышкандыгын, кылмыштуулукка каршы күрөшүүгө, коомдук коопсуздукту сактоого кошкон салымдарын баса белгилеп, кыргыз милициясынын кадыр-баркын көтөрүп, мекени үчүн ак кызматтарын өтөп жүрө берүүлөрүн каалады.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: уурулук

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>