Бүгүн, 11-майда Бишкек шаарындагы Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өтүп жаткан Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курамасы менен Мьянманын командасы ортосундагы беттешке президент Садыр Жапаров жана биринчи айым Айгүл Жапарова дагы күбө болууда.
Беттеш 2023-жылы өтө турган футбол боюнча Азия кубогуна тандоо турунун алкагында өтүп жатат.
Эскерте кетсек, Азия кубогунун тандап алуу оюндары алты өлкөдө, анын ичинде Кыргызстанда өтүүдө.