Сөөгү сарайга көмүлгөн: Үрөй учурган кылмыштын бети ачылды

Сөөгү сарайга көмүлгөн: Үрөй учурган кылмыштын бети ачылды

Ысык-Ата районунда эркек кишинин жансыз денеси табылды, деп билдирди Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы.

Маалыматка караганда, 10-июнь күнү саат 14:30дар чамасында курулуш иштери жүрүп жаткан учурда Новопокровка айылындагы үйлөрдүн биринин сарайынын артынан эркек кишинин жансыз денеси табылган.

Аталган факты Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси («Киши өлтүрүү») менен бирдиктүү журналга катталды.

Милиция кызматкерлери тарабынан сөөктүн өздүгү такталып, ал 1977-жылы туулган З.Э. экендиги белгилүү болду. Ал 2021-жылдын декабрынан бери дайынсыз болуп, апасы уулун табууга жардам сурап кайрылган.

Ыкчам-иликтөө иштеринин жүрүшүндө милиция кызматкерлери тарабынан бул кылмышка шектүү делип, Ысык-Көл облусунан киши колдуу болгон жаран менен чогуу жашап жүргөн 1969-жылы туулган М.А. аттуу аял кармалды.

Тергөөнүн алдын ала версиясы боюнча, 2021-жылдын 7-декабрында саат 22:00дөр чамасында үй-бүлөлүк чырдан улам аял чогуу жашаган эркекти бычактап өлтүрүп, үйдүн короосуна көмүп салган.

Буга чейин ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө З.Э. нин дайынсыз жоголушу боюнча аял жалган көрсөтмө берген.

Учурда кылмышка шектүү Ысык-Ата РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Сотко чейинки териштирүүлөр уланууда.

 

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>