Футзал: Кыргыз курамасы Өзбекстандан утулду

Футзал: Кыргыз курамасы Өзбекстандан утулду

Футзал боюнча Кыргызстандын жана Өзбекстандын улуттук курамдары жолдоштук беттеш өткөрдү.  Бул тууралуу Кыргыз футзал федерациясынан кабарлашты.

Беттеш кечээ, 17-ноябрда Ташкент шаарында өткөн.  Анда 2:1 эсеби менен өзбек курамасы жеңишке жетишкен.  

Кыргызстандын жалгыз голун Нурсултан Абдылдаев киргизген.

Бүгүн, 18-ноябрда кыргыз курамасы Тажикстан менен жолдоштук беттеш өткөрөт.

Оюн Бишкек убактысы боюнча 17:00дө башталат.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , СПОРТ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>