Газадагы операцияга резервдеги он миңдеген аскерлер чакырылды

Газадагы операцияга резервдеги он миңдеген аскерлер чакырылды

Израилдин армиясы Газа тилкесинде АКШ менен Евробиримдикте террордук деп таанылган ХАМАСка каршы операцияларын «күчтөндүрүү жана кеңейтүү» үчүн резервдеги он миңдеген аскерин чакырып жатканы айтылды.

Белгилүү болгондой, Израилдин армиясы ЦАХАЛ Газа тилкесинде барымтага алынгандарды кайтарып берүү жана согушкерлерди талкалоо үчүн “кысым күчөп жатканын” билдирген.

ЦАХАЛ жаңы планга ылайык, ХАМАСтын жердин үстүндөгү жана астындагы бардык инфратүзүмдөрүн жексен кылуу үчүн жаңы аймактарга күч жумшай турганын кошумчалады.

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>