«Газпром Кыргызстан» газдын баасын көтөрүп, бирок билдирүү тараткан эмес

«Газпром Кыргызстан» газдын баасын көтөрүп, бирок билдирүү тараткан эмес

Үстүбүздөгү жылдын сентябрь айында калк үчүн бир куб метр газдын баасы 17 сомду түзгөн. Бирок «Газпром Кыргызстандын» расмий сайтында баалар июнь айынан бери жаңыланган эмес. Бул тууралуу “Акчабар” каржылык порталы жазып чыкты.

Жаратылыш газынын баасы 2020-жылдын апрель айынан тарта өсө баштаган. Баанын өзгөрүшү АКШ долларынын расмий курсу жогорулагандыгы менен байланыштырылган. Март айында газдын баасын бекитип жатканда доллар 69.85 сом болчу, ал эми апрель айынан тарта 1 доллар 82.2 сомго барабар болгон.  Учурда өлкөдөгү кырдаалды эске алуу менен “Газпром” компаниясы март, апрель, май жана июнь айларында газдын баасын кармап турушкан. Ошол маалда компаниянын жаз мезгилиндеги чыгымы 85 млн сомду түзгөн.

Август айынан тартып жаратылыш газынын 1 кубометри 16.73 сомду түзгөн. Ал эми сентябрь айынан баштап көгүлтүр оттун баасы 10 пайызга жогорулаган. Ошол учурда доллардын курсу 78.64 сом болчу. Жараандар жаңы тарифтик баа менен квитанцияларды ала башташкан, бирок «Газпром Кыргызстан» компаниясы баанын өсүшү тууралуу билдирүү тараткан эмес.

Эске сала кетсек, «Газпром Кыргызстан» тарифтик бааны апрель айында эле көтөрүүнү көздөгөн, бирок коомдун басымы аркылуу тариф ошол бойдон калган.

Белгилей кетсек, апрел айында ошол кездеги вице-премьер министр Эркин Асрандиев газдын баасынын көтөрүлүшүнө байланыштуу депуттардын суроолоруна жооп берип жатып, өлкөгө келип жаткан газдын баасы доллар менен бекитилгендигин билдирип, келишимге ылайык ай сайын курска доллардын курсуна жараша тарифтин өлчөмү кайрадан эсептелип турарын айткан.

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>