Германия Кыргызстанга 30 аба-кычкылтек концентраторун берди

Германия Кыргызстанга 30 аба-кычкылтек концентраторун берди

Германия Кыргызстандагы COVID-19 бейтаптарын дарылоого колдоо көрсөтүүдө. Бул тууралуу штабдан кабарлашты.

Саламаттык сактоо министринин орун басары Бакыт Жангазиев Германия элчилигинен COVID-19 оорусу менен жабыркаган бейтаптарды дарылоо үчүн 30 аба-кычкылтек аралаштыргычын, медициналык жабдууларды жана чыгымдалуучу материалдарды кабыл алды.

Белекке берилген медициналык жабдыктар Германиянын Кыргызстандагы коронавирус бейтаптарын эки тараптуу кызматташтыктын жардамы менен дарылоого жана көзөмөлдөөгө кошкон салымы болуп саналат. Жабдууларды сатып алуу Deutsche Gesellschaft für Internationale Zusammenarbeit (GIZ) GmbH (Герман эл аралык кызматташтык коому), Саламаттык сактоо министрлиги жана ДССУнун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү тарабынан координацияланган.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>