Германиянын түндүгүндө жайгашкан Гамбургдагы парад Европада 1970-жылдардан бери белгиленип келе жаткан Кристофер көчөсү күнүнүн алкагында өтүүдө. Быйыл эки жылдык тыныгуудан кийин Гамбургдагы гей-парад коноктору менен катышуучулары рекорддук чекке жетип, жалпы 250 миңден ашык адамды кабыл алды.
Жүрүшкө катышууга 82 уюм арыз берип, алар “Зордук-зомбулук эмес, ар түрдүүлүк”-деген урааны менен шаардын борборун аралап өтүштү.