Жаш дзюдочу Эрлан Шеров Казакстанда күмүш медаль утту

Жаш дзюдочу Эрлан Шеров Казакстанда күмүш медаль утту

Казакстандын Нур-Султан шаарында дзюдо боюнча мырзалар жана айымдар арасында өткөн Азия чемпионатында кыргызстандык спортчу Эрлан Шеров күмүш байгеге ээ болду. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, чемпионатка 17 мамлекеттен 68 дзюдочу катышып, 97 мырза жана 71 айым 14 салмак категория боюнча күч сынашты.

Эрлан Шеров Кыргызстандын дзюдо боюнча курама командасынын мүчөсү, дзюдо боюнча спорт чебери. Ал Октябрь районунун Олимпиадалык резервдеги балдар-өспүрүмдөр спорт мектебинин тарбиялануучусу.

Спортчу мелдешке ушул жылдын 8-9-январында борбор калаада дзюдо боюнча мырзалар жана айымдар арасында өткөн республикалык чемпионатта 90 кг салмакта 1-орунга ээ болуп жолдомо алган.

Спортчунун жеке машыктыруучусу – Роман Владимирович Кузьмин.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , СПОРТ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>