Садыр Жапаров жабыркаган аскер кызматкеринин ишин жеке көзөмөлүнө алдыБаткенде алимент төлөөдөн качкан жаран 2 жылга эркинен ажыратылдыБарскоон – Бедел унаа жолун куруу боюнча мамлекеттик дирекция түзүлдүБаткенде аскер кызматкери оор жаракат алды: депутат шашылыш жардам көрсөтүүнү сурандыКыргызстанда жарандарды каттоо эрежелерин жөнөкөйлөтүү сунушталдыБишкекте ат минип эс алуу: 5 метр алыстык жана кенеге каршы спрей
GoBus Ысык-Көлгө жаңы эки каттам ачты. Графиги, баасы
13.06.2023 | 09:48
Ушул жылдын 15-июнунан тарта GoBus автобустарынын эки жаңы багыты иштей баштайт. Бул тууралуу Туризмди өнүктүрүү фондунан билдиришти.
Маалыматка караганда, Бишкектен эми «Ысык-Көл Аврора» санаториясына ыңгайлуу автобус менен жетүүгө болот. Ал күн сайын эс алуучулар үчүн ыңгайлуу убакта — Бишкектин Жеңиш аянтынан эртең мененки саат 08:00дө жана Аврорадан саат 18.00дө жөнөйт. Билеттердин баасы 500 сом.
Дагы бир каттам Тамчыдагы «Ысык-Көл» аэропорту менен «Ысык-Көл Аврора» санаторийинин ортосунан каттайт. Автобустардын каттамы аэропорттогу каттамдардын графигине байланыштуу болот. Жол кире 300 сом.
GoBus мобилдик тиркемеси аркылуу Ысык-Көлгө, ошондой эле Ала-Арча жаратылыш паркына же “Манас” аэропортуна билет сатып алууга болот.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом