Ошто бажычылар менен ишкерлер кармалды

Ошто бажычылар менен ишкерлер кармалды

Ош облусунун бажы кызматкерлери жана ишкерлер системалуу түрдө аткезчилик жолу менен товарларды ташып жүргөндүгү үчүн кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалым болгондой, УКМК тарабынан Кытайдан аткезчилик жол менен товарлардын реалдуу көлөмүн азайтып көрсөтүп, ташып келүү фактысы боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 3-бөлүгү (Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу) болюнча козголгон кылмыш иши тергелүүдө.

«2023-жылдын апрель айынан тарта «К.Г.» ЖЧК, «Г.Д.» ЖЧК, «А.Т.» ЖЧК жана «К.Т.» ЖЧКсынын өкүлдөрү Мамлекеттик бажы кызматынын Түштүк-Батыш бажысынын кызматкерлери менен сүйлөшүп алып, тараза күбөлүктөрүн бурмалоо аркылуу ташылып келинген жүктүн салмагын өзгөртүшкөн, анын негизинде бажы төлөмдөрүн төлөө шарты менен андан ары эсептөө жүргүзүлгөн.

Өз кезегинде Түштүк-Батыш бажысынын кызматкерлери жарыяланган документтер менен иш жүзүндөгү маалыматтардын ортосунда ачык-айкын айырмачылыктын белгилери бар экендигине карабастан, 100дөн ашык жасалма документтердин негизинде товарларды бажылык тариздөө иштерин жүргүзүшкөн», — деп айтылат маалыматта.

УКМКдан билдиришкендей, Түштүк-Батыш бажысынын кызмат адамдарынын жана аталган ЖЧКлардын өкүлдөрүнүн мыйзамсыз аракеттеринин натыйжасында 200 тоннадан ашык товар бажы төлөмдөрүн төлөөдө эсепке алынбай, мамлекеттик бюджетке өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирилген.

Бул факты боюнча Түштүк-Батыш бажысынын «Ош» Бажы процедуралары борборунун бажы эрежелерин сактоо боюнча тобунун эки инспектору С.И.Ч. жана М.К.А., ошондой эле компаниялардын өкүлдөрү Т.Т.Ж. жана А.А.А. кармалып, камакка алынган.

Учурда мамлекетке келтирилген зыянды тактоо, бул кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо иштери жүрүп жатат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Тэги: Ош УКМК

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>