«Кыргызсериал» тик форматтагы сериалдар сынагын жарыяладыКыргызстанда айыл чарба техникаларынын жазгы талаа иштерине даярдыгы 89%га жеттиМосквада белгилүү сүрөтчү Семён Чуйковдун көргөзмөсү ачылатТМУ өлкөлөрү соттук-эксперттик мекемелердин бирдиктүү Түрк тармагын түзүүнү макулдаштыКыргызстанда банктык насыяларды берүү ыргагы кескин басаңдадыОштун мэри «Алай» футболдук клубуна автобус тапшырды
Голливуд жылдызы Тимоти Шаламе Римде кыргызстандык дизайнер Денис Ли тиккен костюмда чыкты
13.05.2025 | 15:51
Голливуд жылдызы жана актёр Тимоти Шаламе Римде өткөн 70-Давид Ди Донателло сыйлыгын тапшыруу аземинде кыргызстандык дизайнер Денис Линин костюмун кийип чыкты.
Дизайнер социалдык тармакка сүрөтүн жарыялап, Шаламе кийген кара баркыттан тигилген костюм ага таандык экенин тастыктады.
Дизайнер Денис Ли Лондондун Борбордук Central Saint Martins искусство мектебин бүтүргөн, ал жерден Мода дизайн технологиясы (эркектер кийими) адистигине ээ болгон.
2003-жылы Лондондо, кийин Ригада өзүнүн брендин негиздеген.
Ал эми, Тимоти Чаламет «Дюна», «Вонка» жана башка тасмалардагы ролдору менен белгилүү.
Рубрики: Жаңылыктар