GPRC, NRP жана KCG компаниялары Кыргызстанда жылуулук электр станцияларын курууга кызыкдар

GPRC, NRP жана KCG компанияларынын бирикмеси Кыргызстандагы көмүр кендерине жылуулук электр станцияларын (ЖЭС) курууну көздөөдө. Бул тууралуу Энегргетика министрлиги билдирди.
Энергетика министри Таалайбек Ибраев аталган компаниялар бирикмесинин жетекчилери Константин Панов жана Александр Онг менен жолугушуу өткөрүп, бул маселени талкуулады.
Жолугушууда бирикменин жетекчилиги өлкө аймагында эл аралык стандарттарга ылайык таза көмүр технологиясын колдонуу менен үч жылуулук электр станциясын куруу жана каржылоо ниетин билдирди.
Долбоор боюнча ар бир станциянын кубаттуулугу 350 МВт болот. Ал эми жалпы кубаттуулугу 1050 МВтты түзөт. Компаниялар мындай объектилерди куруу боюнча тажрыйбасы бар экенин билдиришкен.
Министр Таалайбек Ибраев ЖЭСти куруу үчүн керектүү изилдөө иштерин жүргүзүүгө компаниялардын адистерин Кыргызстанга чакырып, аларга колдоо көрсөтүлөрүн билдирди.