Бишкекте коомдук транспорт үчүн жаңы бөлүнгөн тилкелер кайсы көчөлөрдө пайда болотЗым, күрөк менен сабаган: Токмокто жаран аялы менен балдарына зомбулук көрсөтүүгө шектелип кармалдыБишкекте мамлекеттик телеканалдын кызматкерине кол салуу болду — видеоКыргызстанда 261 миң гектар аянтта дан эгиндери жыйналдыЖаратылыш министрлигинин экорейддери: текшерүүдөн кийин мончо жабылып, таштанды жаккандыгы үчүн айып пул салындыБазар-Коргондо баасы 187 млн сомдук жер мамлекетке кайтарылды
Чакан жана орто бизнес үчүн рейддик салыктык текшерүүлөр 2027-жылга чейин токтотулду
22.01.2026 | 11:30
Мамлекеттик салык кызматы чакан жана орто ишкердик субъекттерине карата рейддик салыктык көзөмөлдү жана контролдук сатып алууну убактылуу токтотту. Бул чечим бизнеске административдик басымды азайтуу жана ишкердикти өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү максатында кабыл алынган.
Ага ылайык, 2026-жылдын 31-декабрына чейин төмөнкү текшерүүлөр токтотулат:
- Контролдук-кассалык машиналарды (ККМ) жана эсеп-фактураларды колдонуу;
- Банктык төлөм карталарын, электрондук акчаларды жана QR-коддорду пайдалануу үчүн жабдуулардын болушу;
- Товарларга карата алгачкы эсепке алуу документтеринин бар же жок экендиги.
Бул чаралар төмөнкү ишкерлерге карата колдонулат:
- Бирдиктүү салыктын 0 жана 0,5 пайыздык ставкалары менен иштегендер;
- Патенттин негизинде иш жүргүзгөндөр;
- Өзгөчө режимдеги соода зонасында ишмердүүлүк кылгандар;
- Тигүү жана текстиль өндүрүшүндө 0,25 пайыздык ставка менен иштегендер.
Көзөмөлдөн бошотуу төмөнкү учурларга жайылтылбайт:
- Салыктык каттоосу жоктор же патентсиз иш жүргүзгөндөр;
- Жарандардан же уюмдардан даттануулар түшкөн, ошондой эле тергөө органдарынын токтомдору бар субъекттер;
- Салык төлөбөгөндүгү тууралуу тастыкталган маалыматтар же талдоонун жыйынтыктары бар учурлар;
- Акциздик товарларды саткандар (акциздик маркаларды текшерүү бөлүгүндө).
Салык кызматы ишкерлер арасында ККМ, эсеп-фактураларды жана накталай эмес төлөмдөр үчүн жабдууларды колдонуу боюнча түшүндүрүү иштерин жана практикалык жардам көрсөтүүнү улантарын кошумчалады.