БШК Нурланбек Азыгалиевди депутаттык мандатынан ажыраттыЧүй проспектиси менен Абдрахманов көчөсүнүн кесилишиндеги жер үстүндөгү конструкция жакынкы арада бузулатСадыр Жапаров кыргызстандыктарды Аталар күнү менен куттуктадыЖК депутаты Нурланбек Азыгалиев мандатын тапшырууга арыз жаздыКыргызстанда англис тили мугалимдерин даярдоо реформасы британиялык эксперттердин колдоосуна ээ болдуЖакынкы Чыгыштан 142 жаран Кыргызстанга эвакуацияланды
Градусник сынып калган учурда көрүлүүчү 5 чара
13.03.2024 | 08:30
Градусник сынып калгант учурда көрүлүүчү чаралар:
- Биринчи кадам бөлмөнүн терезе, эшигин ачып, таза аба кирүүсүнө шарт түзүңүз;
- Жердеги ртуть затын резина кол кап кийип, сууланган гезит, эң майда бөлүкчөлөрүн “лейкопластыр” медициналык каражатынын жардамы менен чогултуңуз. Чаң соргучту колдонууга болбойт!
- Чогултулган ртутту суу куюлган желим бөтөлкөгө салып, оозун бек жабыңыз. Таштандыга, сыртка, унитазга таштаганга болбойт. Уулу затты зыянсыздандыруучу адистерге кайрылыңыз;
- Ртуть төгүлгөн жерди самын жана сооданын ысык суудагы аралашмасы же хлор, марганцовка менен жууп тазалаңыз;
- Ртутка ууланып калбадыңызбы? Адам ртутка катуу ууланганы 8-24 саат ичинде билинет. Ал алсыз болуп, табити жоголуп, башы ооруп, шилекей жутканда тамактын оорушу, оозго темирдин даамы келиши, ооз көңдөйүнүн канап, ичи оруу, көңүлү айнып, кусуп, ичи өтүп, шишик пайда болот. Мына ушу белгилер пайда болгондо, жакын жердеги медициналык мекемедеги дарыгерге кайрылып, тийиштүү жардам алыңыз.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом