Грек-рим күрөшү боюнча өлкө биринчилиги өттү. Бир балбан спорт чебери наамын алды

Грек-рим күрөшү боюнча өлкө биринчилиги өттү. Бир балбан спорт чебери наамын алды

Жаштар арасында грек-рим күрөшү боюнча Кыргызстандын чемпиондугу өттү. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 29-30-март күндөрү Бишкек шаарындагы Каба уулу Кожомкул атындагы Спорт ордосунда грек-рим күрөшү боюнча жаштар арасында өлкө чемпиондугу өттү.
Республикалык чемпионатка өлкөнүн бардык облустарынан жана Ош, Бишкек шаарларынан келген 200дөн ашык спортчу катышкан.

Ошондой эле турнирдин соңунда Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча жаштар курама командасынын мүчөсү Акыйкат Күлжигит уулу спорт чебери наамын алды.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , СПОРТ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>