Гули каймана аты менен таанымал кримтөбөл Түркияда атып өлтүрүлдү

Гули каймана аты менен таанымал кримтөбөл Түркияда атып өлтүрүлдү

Кримтөбөл Надыр Салифов Түркиянын Анталия шаарындагы ресторанда атып өлтүрүлдү. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Ал Лото Гули лакап аты менен таанымал болчу.

Лото Гулини аны менен чогу Анталиядагы бир ресторанда тамактанып жаткан киши тапанча менен атып өлтүргөн. Ок анын башына тийген. Ал оор абалда ооруканага жеткирилип, бирок өмүрүн сактап калууга мүмкүн болгон эмес.

Салифовду өлтүргөн адам окуя болгон жерден качып кеткен, бирок Денизли шаарына барчу жолдо кармалган.

Алдын ала алынган маалыматтар боюнча, кармалган адам Хан Ахмедлинский деген каймана аты бар кылмыштуу топтун мүчөсү болгон. Ал Лотонун бир чөйрөдөгү жакын адамы экени айтылат.

Салифов 1972-жылы Грузияда туулган. 2005-2017-жылдары Азербайжанда түрмөдө отурган, бошотулгандан кийин Түркияга кеткен. 2018-жылы Салифов Түркиядан депортацияланган, бирок кийинчерээк өлкөгө мыйзамсыз кайтып келген.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>