20-майда Ош облусунун Алай районуна караштуу Гүлчө айылына таза суу тартуу иштери башталды. Бул тууралуу райондук администрациядан билдиришти.
Маалыматка караганда, иш-чарага район жетекчилиги, мекеме-ишканалардын башчылары жана жергиликтүү тургундар катышты.
Район акими Чыңгыз Бапаевдин айтымында, таза суу Тилектеш айыл аймагынын Аюу-Тапан тилкесинен тартылып, жалпы 40 чакырымды түзөт. Таза суу демөөрчүлөрдүн көмөгү менен тартылат. Суу кампага суу толтурулса, Гүлчө айылынын калкына мурдагыдай 2 саат эмес, 24 саат таза суу берилип баштайт.
2024-жылдын 20-мартына карата Гүлчө айылында жалпы кожолуктун саны 3914, калктын саны 22 миң 519 адамды түзөт. Андан сырткары башка айыл аймактардан келген 5 миң 500гө жакын тургун жашайт.
Буга чейин Гүлчө айылына таза суу тартуу боюнча марафондор өткөрүлүп келген.