Эмне үчүн альпинист Наговицынанын сөөгү дагы деле Жеңиш чокусунда — ӨКМдин жообуКОСУнун студенттери Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын уюштурууга катышатКыргызстанда «Мал аман» мамлекеттик ишканасы түзүлүп, жеке ветеринарлар ишке алынатМанас шаарында жаңы автобекет ишке кирдиБишкекте көчөдөгү жаңжалдын катышуучулары майда бейбаштык үчүн жоопко тартылдыЖапон окумуштуулары Ак-Бешим шаар чалдыбарында археологиялык изилдөөлөрдү жүргүзүшөт
Илим Карыпбеков Эверестти багындырган төртүнчү кыргызстандык болду (видео)
24.05.2024 | 18:51
Илим Карыпбеков дүйнөдөгү эң бийик чокуну – Эверестти (8848,86 м) багындырды. Бул тууралуу ал өзү “Фейсбуктагы” баракчасында билдирип, Эверестте тартылган видеокайрылуусу менен бөлүштү.
Белгилүү болгондой, Карыпбеков 14-майда Эверестке чыгууга аракет кылып, бирок 8350-8400 метр бийиктикке жеткенде, катуу шамалдан улам кайра ылдый түшүүгө аргасыз болгон. Бир нече күн даярдангандан кийин ал дүйнөдөгү эң бийик чокуну багындырууга кайра аттанып чыгып, 23-майдын таңында бул жолку аракети ишке ашкан.
Белгилей кетсек, Илим Карыпбеков Эверестти багындырган төртүнчү кыргызстандык болуп калды. Буга чейин 1997-жылы Дмитрий Греков, 2021-жылы Эдуард Кубатов, 2023-жылы Кадыр Сайдилкан Эверест чокусуна чыккан.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом