Ысык-Көлдө 501 млн сомдук «Кырчын» турбазасы мамлекетке өттү21-мартта Бишкекте Нооруз майрамына арналган майрамдык иш-чаралар өтөт (программа)Mastercard жана MBANK Борбор Азияда биринчи жолу Лионель Мессинин сүрөтү түшүрүлгөн картаны сунуштайтУшул жылдын январында Кыргызстанга 220 млндон ашык доллар которулган2025-жылы Кыргызстандын корголуучу аймактарында 139 мыйзам бузуу аныкталдыСадыр Жапаров Казакстандын президентин улуттук референдумдун өткөрүлүшү менен куттуктады
Хабиб Нурмагомедов Кыргызстанда кайрадан турнир өткөрөт
13.07.2022 | 13:32
Хабиб Нурмагомедовдун мушташ уюму “Eagle Fighting Championship” Кыргызстанда кайрадан ММА боюнча турнир өткөрөт. Бул тууралуу аталган мушташ уюмунун социалдык тармактагы расмий баракчасында айтылат.
Маалым болгондой, мелдеш 10-августка белгиленген.
“Кыргызстанда күйөрмандарыбыз көп болсо керек. Биз сиздер менен 10-августта “Бишкек Аренада” көрүшөбүз”, — деп жазылган баракчада.
Турнирдин негизги беттеши “Eagle Fighting Championship” уюмунун чемпиону Бусурманкул Абдибаит уулу менен россиялык Руслан Яманбаевдин беттешүүсү болушу мүмкүн.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом