«Хонда Фит» үлгүсүндөгү унаа жөө жүргүнчүнү сүзүп кетти

«Хонда Фит» үлгүсүндөгү унаа жөө жүргүнчүнү сүзүп кетти

24-апрелде саат 18:00 чамасында Бишкек шаарында жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу Reporter.kg’ге Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

«Хонда Фит» үлгүсүндөгү авто унаа 7-апрель көчөсү менен түндүк тарапка бара жатып, №2/2 үйдүн тушунан жөө өтмөктөн күн батыш тарапка бара жаткан жөө жүргүнчүнү сүзүп алган. Натыйжада 2006-жылы туулган М.Л. аттуу жөө жүргүнчү №3-оорукана жеткирилген.

Азыркы учурда авто унаа убактылуу токтотуучу айып короо жайына токтотулуп, жол кырсыгынын келип чыгуу себеби такталып жатат.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>